Алайда элдин 75 пайызы санарипке өттү

Алай районундагы элдин 75 пайызы санарипке өттү. Калган айылдарга да автоматтык телечагылдыргычтарды орнотуу жумуштары жүрүп жатат. Жабдыктарды орнотуу боюнча адистер тактоо жумуштарын аткарышууда.

Радиорелейлик станциялардын түштүк башкармалыгынын директору Абдижапар Умаровдун маалыматында, учурда санариптик телекөрсөтүүгө өтүү иштери өлкө боюнча улантылып жатат. Тийиштүү жетекчилер жана адистер өнөктүк боюнча жер-жерлерде коомчулукка түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Быйыл 15- майдан тарта өлкөдө аналогдук телеберүүлөр өчүрүлөт. Мындан улам адистер белгиленген убакытка чейин бардык аймактагы калкты санарипке өткөрүү боюнча жумуштарды аткарышат. Азыркы учурда Кыргызстандын калкынын 5%ы же 350 айылдын жашоочуларына санариптик көрсөтүү жеткириле элек. Алдыда дагы түшүндүрүү жана аймактарга жабдыктарды орнотуу иштери аткарылат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.