
Алайда жер көчкү кооптуулук жараткан 14 үй-бүлөгө чатырлар жиберилди. Көчкү коркунучу бар аймакта жашагандарга бүгүн, 2-майда чатырлар менен кошо тазалык каражаттары жөнөтүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.
1-майда райондун Курулуш айылында жаңы жер көчкү активдешип, 3 метр сүрүлгөн. Айылда коркунуч жаралган эки турак жай ээлери туугандарынын үйлөрүнө көчүрүлгөн.
Аймакта адистер тактоо иштерин жүргүзүп жатышат. Жиберилген чатырлар тигилүүдө.
- 02.05.2017