
Ош облусунун Алай районунда 35 жаштагы жаран көлгө чөгүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Анын айтымында, 1986-жылы туулган эркек киши Сары-Таш айыл аймагынын Кара-Киндик жайлоосунда жайгашкан көлгө чөгүп кеткен.
Окуя болгон жерге келген куткаруучулар сөөктү суудан чыгарышып, туугандарына өткөрүп беришкен.
- 02.08.2021