Ала-Букада күнүнө 100 тонна сүттү кайра иштетүүчү ишкана ачылат

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда күнүнө 100 тонна сүттү кайра иштетүүчү ишкана ишке кирет. Азыркы учурда жергиликтүү тургундарга сүт өндүрүү жана белгиленген эрежелерге ылайык өткөрүү боюнча атайын окуутуулар жүргүзүлүп жатат.

Облустук өкүлчүлүктүн маалыматына ылайык, буга чейин инвестор менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн. Ишкана райондогу эски сүт заводун имаратында жайгашып, баардык керектүү жабдыктар менен камсыздалган. Жакынкы арада имаратты оңдоп-түзөө иштери аяктаса, жумуштар башталат.

“Мында тургундардын да маалыматын жогорулатуу, сүт багытындагы уйларды өстүрүүнү көбөйтүү максатында атайын семинар уюштурулуп, алдыңкы фермерлердин тажрыйбалары окутулууда”, – деп айтылат маалыматта.

Ишкананын ачылышы менен атайын техникаларда ар бир айылды кыдырып сүт жыйналат. Жергиликтүү бийлик бул менен калктын кошумча киреше бөлүгүн арттыруу максатын көздөгөн.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.