
Бүгүн Токио олимпиадасында грек-рим күрөшү боюнча 77 килограммга чейинки салмак ченинде күрөшкөн Акжол Махмудов армян балбанын жеңип финалга чыкты.
Эки жеңиштен кийин Акжол Махмудов жарым финалда Армениянын балбаны Карапет Чалян менен жолугушту. Беттешүүнү 6-2 эсебинде утуп алгандан кийин Токиодогу Олимпиада оюндарынын финалына чыкты.
Ошентип, Кыргызстандын тарыхында экинчи жолу грек-рим күрөшчүсү Олимпиада оюндарынын финалына чыкты. Ага чейин Бээжин олимпиадасынын күмүш байге ээси Канат Бегалиев чыккан.
Алтын үчүн күрөш эртең, 3 -августта өтөт. Акжол Махмудовдун атаандашы венгриялык балбан Тамаш Лоринц болот.
- 02.08.2021