Акылбек Жапаров: Жол кырсыктардын санын кыскартуу зарыл

Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров патрулдук милициянын техникасын – автоунааларды, портативдик радиостанцияларды көрүп чыкты.

Ал ошондой эле ведомствонун негизги иш багыты саналган жол коопсуздугун камсыздоо темасына токтолду. Президент Садыр Жапаровдун Жарлыгы менен Ички иштер министрлиги жол кыймылы коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү жооптуу мамлекеттик орган болуп дайындалган. Мындан тышкары жол кырсыктардын санын 50% кыскартуу милдети коюлган.

Ошондуктан Жапаров министрликке жол кырсыктарынын санын кыскартуу боюнча бир катар милдеттерди койду.

«Буга чейин автомектептерге лицензия берүү милдети Билим берүү жана илим министрлигине жүктөлүп, ал эми Санариптик өнүктүрүү министрлигинин алдындагы «Унаа» мамлекеттик мекемеси тарабынан айдоочулук күбөлүгү берилсе, эми бул функциялардын баары Ички иштер министрлигине өткөрүлүп берилди. Бул реформалардын жыйынтыгы көп күттүрбөшү керек. Жакынкы мезгилде жол кырсыктардын санын кыскартуу боюнча реалдуу натыйжалар күтүлөт деп ишенем», – деди Акылбек Жапаров.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.