
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров «EXPO 2020» көргөзмөсүнүн алкагында Кыргызстандын Улуттук күнүнө арналган иш-чарага катышуу үчүн Дубай шаарына (Бириккен Араб Эмираты) барды.
Жапаров Дубай шаарындагы «Dubai Smart City» жана шаарларды туруктуу өнүктүрүү концепциясына негизделген технологиялык экошаардын долбоору саналган Абу-Даби шаарындагы «Masdar City» менен таанышат.
Эске салсак, бүгүн «Кыргызстан – Бириккен Араб Эмираты – 2021» туристтик роуд-шоу, бизнес-форуму өттү.


- 13.12.2021