Акылбек Жапаров чек арадагы кырдаал боюнча кеңешме өткөрдү

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы кырдаал боюнча ыкчам кеңешме өткөрдү.

Анда Баткен облусундагы кырдаал жана тажик тарап менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча министрлер кабинетинин башчысынын орун басары – УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев маалымат берди.

Анын айтымында, учурда Баткен облусунун чек ара аймактарында абал туруктуу. Тараптар окуянын себептерин иликтөө боюнча биргелешкен комиссия түзүүнү, чыр-чатактын чыгышы менен үйлөрүн таштап кеткен жергиликтүү тургундардын кайтып келишин камсыз кылууну, тиешелүү чек ара сызыгынан аскердик түзүмдөрдүн бардык бөлүктөрүн чыгарууну, бардык жолдорду тосмодон чыгаруу, талкаланган инфраструктураны жана электр линияларын калыбына келтирүүнү камсыз кылуу.

Учурда аткарылып жаткан иштер боюнча президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажыкеев маалымат беришти.

Оперативдүү кеңешменин жыйынтыгы боюнча министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров тийиштүү коомдук коопсуздукту камсыз кылуу, эвакуацияланган жарандардын үйлөрүнө аман-эсен кайтып келүүсү, инфраструктураны калыбына келтирүүгө зарыл финансылык каражаттарды бөлүү боюнча бир катар тапшырмаларды берди. жана облустун башка муктаждыктары эске алынып, Баткен районунун чек ара аймактарында жайгашкан бардык турак жайларды мамлекеттин эсебинен камсыздандыруу боюнча тапшырмалар берилди.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.