Акылбек Жапаров Баткенге жумушчу сапары менен барат

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Баткен облусуна эки күндүк жумушчу сапары менен барат.

Бул тууралуу Минкабдын маалымат кызматынан билдиришти.

Анда маалымдалгандай, Акылбек Жапаров сапардын жүрүшүндө Баткен облусунун бир катар өнөр жай объектилерин кыдырып чыгып, Ош – Ноокат – Баткен автожолун реконструкциялоо иши менен таанышып, ошондой эле Министрлер кабинетинин көчмө жыйынын өткөрөт.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.