Акылбек Жапаров: Аймактарда жаңы жумуш орундарын түзүү зарыл


Аймактарда жаңы жумуш орундарын түзүү боюнча иштерди күчтөндүрүү зарыл. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн жана Ош шаардык мэриясынын биргелешкен коллегиясынын жыйынына катышкан учурда билдирди.

Акылбек Жапаров белгилегендей, жергиликтүү бийлик органдары астында мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүү, облус жөнүндө толук маалыматты камтыган аймактын санариптик картасын иштеп чыгуу, мүлктү инвентаризациялоону жүргүзүү, өндүрүштүк ишканаларды коргоо жана аны өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүү, жаңы жумуш орундарын түзүү боюнча иштерди күчтөндүрүү сыяктуу маанилүү милдеттер турат. 

«Аймакка инвестиция тартуу боюнча жетекчилердин ишмердүүлүгүн баалоодо KPI системасын киргизүү зарыл. Ар бир айылда ишканалар ачылса чоң жетишкендик болот. Район акимдери жана шаар мэрлери сиздердин негизги милдетиңер – инвестиция тартуу. Оондой эле токтоп турган ишканаларды ишке киргизүүгө жардам берүү керек. Мындан тышкары, жазгы-талаа иштерин өз убагында жүргүзүү, туризмди өнүктүрүү боюнча иштерди активдештирүү, жарандардын жер тилкелерин трансформациялоо иштерин жыйынтыктоо зарыл», – деди Акылбек Жапаров

Министрлер кабинетинин төрагасы 2022-жылы Ош облусунда 100 ашуун объектиде курулуш жана оңдоо иштери пландаштырылып жаткандыгын кошумчалады.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.