Актёр Марат Жанталиев дүйнөдөн кайтты

Актёр, КРнын эмгек сиңирген артисти Марат Жантелиев көз жумду. Бул тууралуу маркумдун кесиптештери кабарлады.

Ооруканада жатып каза болгон актёр 59 жашта эле.

Марат Жанталиев Нарын облусуна караштуу Кара-Кужур айылында туулган. Ал Москва шаарындагы кинематографиялык институтту бүтүрүп, бир катар кыргыз тасмаларында роль жараткан. Анын катардагы ролдорунан улам коюлган “Бопуш” деген каймана аты болгон.

Ал көп убакыттан бери Бакен Кыдыкеева атындагы Жаштар театрында эмгектенип келген.

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.