Аксыда каналга чөгүп каза болгон баланын жансыз денеси Өзбекстандан табылды

Жалал-Абад облусунун Аксы районунда сууга түшүп кеткен 11 жаштагы баланын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалым болгондой, бүгүн, 25-апрелде Өзбекстандын суу чарба башкармалыгы тарабынан Наманган каналында белгисиз эркек адамдын жансыз денеси табылганы кабарланган.

Маркумдун денесин кароо учурунда буга чейин изделип жаткан бала экендиги аныкталган.

“Саат 14:00дө маркумдун жансыз денеси Өзбекстандын чек ара кызматы тарабынан туугандарына өткөрүлүп берилди”, – деп айтылат маалыматта.

Маркум мындан эки күн мурда Үч-Коргон айыл аймагынын Катраңкы айылында Наманган каналындагы сууга түшүп кеткен. Издөө иштерине куткаруучулардан тышкары жергиликтүү тургундар дагы тартылган.

Сүрөт: Турмуш

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.