Аксыда 29 жаштагы аял айылдашын өлтүрдү деп шектелүүдө

Жалал-Абад облусунун Аксы районунда айылдашын өлтүрдү деп шектелип 29 жаштагы аял кармалды. Бул тууралуу Облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.

Окуя 14-январь күнү саат 14:00гө жакын жүз берген. Айылдаштар спирт ичимдигин ичип олтуруп, белгисиз себептерден улам чырдашып кетишкен. Ачууга алдырган шектүү аял стол үстүндөгү бычак менен айылдашын сайып жиберген. Алган оор жаракатынан улам Ак-Суу айылынын 40 жаштагы тургуну ооруканага жетпей каза болгон.

Аксы РИИБдин ыкчам тергөө тобу тарабынан  шектүү жаран колго түшүп, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Кылмыш боюнча тийиштүү экспертизалар дайындалып, иликтөө иштери жүргүзулүүдө.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.