Аксыда жана Ала-Букада жаңы билим берүү мекемелери ишке киргени турат

Премьер-министр Кубатбек Боронов Жалал-Абад облусуна болгон иш сапары учурунда Ала-Бука районунун Кызыл-Ата айылына салынып жаткан  мектептин курулушунан кабар алды.

Жаңы мектеп донорлордун каражатынын эсебинен курулууда. Планга ылайык, 2020-жылдын 1-декабрында колдонууга берилет. Долбоор боюнча ашкана, спорт зал, китепкана жана чоң зал каралган.

Ы.Чангылов атындагы № 5 орто мектептин эски имараты 1982-жылы 192 окуучуга ылайыкталып курулуп, анда 473 окуучу билим алууда.

Премьер-министр ошондой эле Аксы районунун Торук айылындагы бала бакчанын дагы курулуш ишин көрдү.

Чек арага чектеш статусу бар Торук айылындагы мектепке чейинки билим берүү уюму  республикалык бюджеттин эсебинен салынды. Курулуш иштери 100% аяктады. 2020-жылдын 20-сентябрында колдонууга берилет. Учурда эмеректерди жайгаштыруу иштери жүрүп жатат.

1800 адам жашаган Торук айылында буга чейин бала бакча болгон эмес. Бирок жергиликтүү бийлик чоң үйдү ижарага алып, 50 бала үчүн бакча уюштурган. Ал эми курулуш иши аяктаган мектепке чейинки билим берүү жайынын 75 баланы кабыл алууга мүмкүнчүлүгү бар. 16 кызматкер иштейт.

Премьер-министр Кубатбек Боронов 11-12-сентябрь күндөрү эки күндүк иш сапар менен Жалал-Абад облусунда болду.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.