АКШда жайгашкан дүйнөдөгү эң чоң абак жабылат

АКШда жайгашкан дүйнөдөгү эң чоң абак жабылат. Бул тууралуу бир топ чет өлкөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Анда жазылгандай, Райкерс жаза аткаруу мекемеси 10 миң адамга ылайыкталып,  Ист-Ривер кысыгындагы аралдардын биринде жайгашкан.

Бул абак жабылгандан кийин анын ордуна 4 абак курулат. Жаңы абактарды Бруклин, Бронкс, Квинс жана Манхэттен райондорунда куруу пландалууда.

Жаза аткаруу мекемеси көптөгөн тартип бузуулардын көбөйгөнү жана кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануунун кесепетинен жабылганы жатат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.