АКШ: мектептеги атышуудан 3 окуучу мерт кетти

АКШнын Калифорния штатындагы мектептердин биринде жүз берген атышуудан 3 окуучу каза болду. Окуя Сан-Бернардино шаарынындагы башталгыч класстар мектебинде болгон.

Маалыматка ылайык, куралчан киши класска кирип келип мугалимди жана 2 окуучуну атып өлтүргөн. Андан соң өзүн атып салган. Кийинчерээк жараат алып ооруканага түшкөн окуучу да каза болгону айтылды. Полициянын айтымында, ок чыгарган киши каза болгон мугалимдин күйөөсү болгон.

Ал эми атылган окуучулар, окуя болгон маалда мугалимдин жанында болгондуктан кокусунан окко учкан деген жыйынтык чыгарылды. Учурда бул иш боюнча иликтөө иштери жүргүзулө баштады.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.