
2020-жылда жарыкка келген ымыркайларга адаттан тыш жаңы ысымдар коюлуп жаткандыгын Мамлететтик каттоо кызматы тастыктады.
Буга чейинки жылдарда Умар, Алинур, Раяна жана Амина сыяктуу ысымдар популярдуулугун жоготпой келген. 2020-жылдын 9 айында адаттан тыш аттардын катталгандыгы маалым болду.
Алсак, балдарга Артыкалы, Жасулан, Жайсаң, Элал, Тенгис, Алистер Белек, Добрыня, Акбалбан, Лелин, Максемус деген ысымдар берилди.
Кыздарга берилген сейрек кездешкен ысымдар: Доминика, Марсиана Нури, Девора, Николина, Атика, Айсенэм, Белек-Айым, Элтаазим, Акылыйман, Балкыял, Меньше.
Кыздарга берилген сейрек кездешкен ысымдар: Доминика, Марсиана Нури, Девора, Николина, Атика, Айсенэм, Белек-Айым, Элтаазим, Акылыйман, Балкыял, Меньше.
2020-жылдын 9 айында Кыргызстанда 114 миң 823 жаңы төрөлгөн ымыркай наристе катталган.

- 22.10.2020