Айыл чарба жана азык-түлүк менен камсыздоо боюнча Жол картасына кол коюлду

Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги жана Өзбекстандын айыл чарба министрлиги тарабынан айыл чарба жана азык-түлүк камсыздоо жаатында кызматташуу боюнча Практикалык чаралар планына («Жол картасына») кол коюлду.

Аталган документке президент Садыр Жапаровдун 2021-жылдын 11-12-мартындагы жасаган мамлекеттик сапарынын алкагында кол коюлган.

Жол картасында айыл чарба продукциясын, анын ичинде карттөшкө, үрөн ташуу, эки өлкө аймагында дан жана башка өсүмдүктөрдүн жаңы сортторун тажрыйбалоо, каттоого алуу жана жол берүү, Өзбекстандын жогорку окуу жайларында   студенттерди «мал чарбачылыгы» багыты боюнча окутуу, ошондой эле илимий-иликтөө институттарынын базасында кызматташуу маселеси каралган.

Мындан тышкары, өзбек тарап Кыргыз Республикасына 10 000 мөмө-жемиш көчөтүн, 1000 тонна күздүк буудай жана 500 тонна «Султан» сортундагы пахта үрөнүн берүүгө даярдыгын билдирди.

Тараптар ошондой эле аянты 1000 квадрат метр келген күнөскана куруу, эт жана мал экспорттоо, этти иштетүүчү биргелешкен ишканаларга инвестицияларды тартуу мүмкүндүгүн талкуулады.

Ошондой эле «Узкимесаноат» АК жетекчилиги менен жолугушуу өтүп, анын алкагында Кыргызстанга күнүнө 800-1000 тонна көлөмдө минералдык жер семирткичтерди үзгүлтүксүз ташуу боюнча макулдашуу орун

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.