Айыл чарба тармагына 7 млрд сомго чейин насыя берилет

“Айыл чарба тармагын каржылоо-5” долбоорунун алкагында жалпы 7 млрд сомго чейин насыя берилет.

Бул тууралуу Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашев бүгүн, 11-апрелде айыл чарбасын кайра иштетүү өнөр жай тармагын колдоо боюнча маалымат жыйында билдирди.

Нурбек Мурашев дыйкан-фермерлерди колдоо тармагындагы Өкмөттүн аткарып жаткан иштери тууралуу толук маалымат берип, бүгүнкү күндө насыя алууга эч кандай тоскоолдуктар жоктугун, алты банкта каражат жетиштүү экенин билдирди.

“Бүгүнкү күндө жазгы талаа иштерине 1 млрд. 241 млн. сом насыя берилди. Азыркы тапта насыя берилип жаткан алты банкта жалпы болуп 2 млрд. 100 млн. сом каражат бар. Дыйкандар мал чарбачылыгына, өсүмдүк өстүрүү тармагына 10%, кайра иштетүү тармагына 6% жылдык үстөк менен 36 айга насыя алууга мүмкүнчүлүгү бар, – деди ал.

“Айыл чарба тармагын каржылоо-5” долбоору боюнча Жалал-Абад облусунда 892 дыйкан-фермер, Чүй облусунда 650, Ош облусунда 497, Ысык-Көл облусунда 392, Нарын облусунда 376,Талас облусунда 346 жана Баткен облусунда 220 чарбагер үч багыт боюнча насыя алышты.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.