
Буудайдын үрөнү 85 пайызга, арпа үрөнү 89 пайызга, калган өсүмдүк түрлөрү дээрлик 100 пайызга камсыздалды. Бул тууралуу бүгүн, 4-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Жаныбеков билдирди.
“Тилекке каршы, дыйкандарыбыз толугу менен сапаттуу үрөндөрдү себе алышкан жок. Үрөнчүлүк чарбаларыбыздын 50 пайызы тиешелүү талаптарга жооп бере албагандыктан, азык-түлүк коопсуздугу камсыздалбай келет. Ошондуктан жылына башка өлкөдөн 350 миң тонна азыктык буудай, 90-95 миң тонна ун алабыз. Эгемендүүлүккө чейин биздин өлкө гана аталган азыктарды сыртка экспорт кылчубуз”, – деди Жаныбеков.
http://yntymak.kg/el-kyjnalyp-ketti-deputat-konushbaev-km-tt-n-bir-katar-ishterdi-tez-b-t-r-sh-n-talap-kyldy/
- 04.03.2021