
Айыл чарба министрлиги «Айыл чарбасын каржылоо–10» долбоорунун алкагында жеңилдетилген насыяларды мал чарбасы, өсүмдүк өстүрүүчүлүк, тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайы тармактарына берет. Долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү – 60 ай.
Долбоорго катышкан коммерциялык банктардын чыгымдарын жабуу үчүн республикалык бюджеттен 474 млн сом субсидиялык каражаттар бөлүнөт.
Бардык максаттуу тармактар боюнча акыркы пайыздык ставка 6 пайыз эсебинде аныкталды.
Берилүүчү насыянын көлөмү:
– мал чарбасы жана өсүмдүк өстүрүүчүлүк субъекттери үчүн 300 миң сомдон 3 млн сомго чейин;
– үрөнчүлүк, асыл-тукум мал чарбасы, канаттуулар чарбасы, балык чарбасы, аарычылык, тоют топтоо, малды жасалма жол менен уруктандыруу субъекттери үчүн 10 млн сомго чейин;
– тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жай ишканалары үчүн 500 миң сомдон 20 млн сомго чейин түзөт.
Алдын-ала эсептөөлөрдүн негизинде, 2022-жылда айылдык товар өндүрүүчүлөргө 5,0-5,5 млрд сом өлчөмүндө жеңилдетилген финансалык каражаттар бөлүнүп берилет.
- 14.01.2022