
20-июнь күнү, залкар төкмө акын Эстебес Турсуналиевдин 90-жылдыгына жана “Айтыш” коомдук фондунун 20-жылдыгына арналган өлкөдө жалпы республикалык айтыш өттү.
Бул тууралуу “Айтыш” коомдук фондунан кабарлашты.
Айтыштын тандоо туру 19-июнь күнү, Бишкектеги “Манас” кинотеатрында өтүп, ага 48 акын катышты. Эң жогорку упайларды топтогон акындар айтышка жолдомо алышты.
Сынактын баш байгесин төкмө акын Идирис Айитбаев алды. Ал эми биринчи орунду Акматбек Султанбек уулу, экинчи орунду Жылдызбек Төрөканов, үчүнчү орунду Кубат Тукешов жеңип алышты.
- 21.06.2021