Айтматовдун 90 жылдыгы эл аралык деңгээлде белгиленет

Бул тууралуу жарлыкка президент Алмазбек Атамбаев бүгүн кол койду.

“Ч.Т. Айтматовдун туулган күнүнүн 90 жылдыгын майрамдоо жөнүндө” жарлыкка ылайык, Чынгыз Айтматовдун улуттук жана дүйнөлүк маданият менен адабиятка кошкон зор салымын эске алып, ошондой эле анын 2018-жылы боло турган туулган күнүнүн 90 жылдыгына байланыштуу токтом кылынат

  1. Ч.Т. Айтматовдун туулган күнүнүн 90 жылдыгы улуттук жана эл аралык жогорку деңгээлде белгиленсин.
  2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө төмөнкүлөр сунушталсын:

– 2 айлык мөөнөттө Ч.Т. Айтматовдун туулган күнүнүн 90 жылдыгын майрамдоого даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетин түзүү, ошондой эле иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү планын иштеп чыгуу жана бекитүү;

– аталган иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү планын ишке ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинен зарыл финансы каражаттарын бөлүүнү кароо.

Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. [postleft id=’ 6890′]

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.