
Токиодогу Олимпиада оюндарында Айсулуу Тыныбекованын биринчи атаандашы аныкталды.
Тыныбекова катыша турган (62 кг салмактагы категория) аялдар күрөшү боюнча чүчүкулак болуп өттү.
Эртең, 3 -августта, ал Европа оюндарынын чемпиону латвиялык Анастасия Григорьева менен биринчи беттешин өткөрөт.
Грек-рим боюнча күрөшчү Атабек Азисбековдун (87 кг чейин) алгачкы беттеши венгриялык Виктор Лоринц менен болот.
- 02.08.2021