
Айсулуу Тыныбекова Казакстандын Нур-Султан шаарында өтүп жаткан Күрөш боюнча дүйнө чемпионатында жеңүүчү аталды.
Ал бүгүн, 20-сентябрда, кыз-келиндердин эркин күрөшүнөн 62 килограммга чейинки салмакта алтын байге үчүн таймашта болгариялык Тайбе Мустафа Юсеин менен күч сынашып, 5:3 эсебинде жеңишке жетти.
Тыныбекова финалдык беттешке чейин 19-сентябрда төрт беттеш өткөргөн. Алгач мексикалык Александра Ромеро Банниланы 8:0 эсеби менен жеңди. 1/8 финалда жапониялык балбан Якако Каваи менен күч сынашып, экинчи бөлүктө атаандашынын далысын килемге басып, таза жеңишке жетти.
Чейрек финалда украиналык Юлия Ткач Остапчук менен таймашып, 9:6 эсебинде жеңишке жетти. Жарым финалга чыгуу менен Айсулуу Тыныбекова 2020-жылы Токиодо өтө турган жайкы Олимп оюндарына да жолдомо алды.
Жарым финалда түндүк Кореялык Жоң Сим Римди 7:0 эсебинде жеңип, алтын байге үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алган.
Первый комментарий Айсулуу Тыныбековой после победы на Чемпионате мира: "Посвящаю победу своей стране!" pic.twitter.com/2RYkz6pQ3U
— Azattyk Media (@AzattykMedia) September 20, 2019
- 20.09.2019