Аймактарга газ жеткирүү иши башталды

Быйыл Чүй жана Ош облустарынын айрым аймактарына көгүлтүр от жеткирилет. Түтүк жалпы  20 миңден ашык турак-жайга киргизилип, ушул жылдын соңунда ишке кириши мерчемделген.

Алгачкы кадам кечээ Бишкектин Свердлов райондорунда башталды. Тургундар үйлөрүнө газ түтүктөрүн киргизүү үчүн 8 миң сомдон, 14 миң сомго чейин акча төлөшкөн. Аз камзыс болгон үй-бүлөлөргө Бишкек шаардык мэриясы жеңилдик берди.

Алдыда Бишкектеги газ менен камсыздалуучу жаңы конуштардын катарына Ак-Ордо, Арча-Бешик, Ала-Тоо кирип, жалпы 16 миңге жакын адамдын үйү көңүлтүр отко уланат. Учурда түтүктөрдү орнотуу жүрүп жатат. Анын алкагында өлкө боюнча 17 конушка газ куурлары тартылары айтылууда.

“Газпром Кыргызстан” компаниясынан кошумчалашкандай, 2030-жылга чейин газдаштыруу деңгээли 62%га чейин өсөт. Эскерте кетсек, азыр өлкө калкынын 20%ы көгүлтүр от менен камсыздалган.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.