Аймактарга 2 дүң базар жана 4 агро-логистикалык борбор курулат

Өлкөнүн региондорунда ири масштабдуу 2 дүң айыл чарба базарлары жана 4 агро-логистикалык борборлору курулат. Бул тууралуу Экономика министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Белгилүү болгондой, Ош облусунун Кара-Суу районунда жана Чүй облусунун Ысык-Ата районунда дүң-айыл чарба рыногунун курулушу пландалууда. Дагы 4 агрологиялык борбор Ысык-Көл облусунун Каракол шаарына, Жалал-Абад облусунун Сузак районуна, Чүй облусунун Токмок шаарына жана Ош облусунун Ноокат районуна түшөт.

Аталган аймактарга борборлордун курулушу айыл чарба продукцияларын экспорттоонун потенциалын жогорулатат. Рынокто суроо-талап жогорулап, өндүрүштүн өсүшүнө түрткү болот жана региондордогу ишкерлердин кирешеси да жогорулайт. Курулган борборлордо айыл-чарба продукцияларын кайра иштетүү, сорттоо, таңгактоо иштери уюштурулат.

Агрологиялык борборлорду куруу долбоору Алматы-Бишкек экономикалык коридору программасынын алкагында, Азия Өнүктүрүү Банкынын колдоосу менен ишке ашат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.