Айгүл-Тоого 500 түп жаңгак эгилди

Баткендеги Айгүл-Тоосуна жана Төрт-Гүл суу сактагынчына ар түрдүү мөмөлүү дарактар отургузулду.

Ботаникалык корукка алынган Айгүл-Тоосуна 500 түп жаңгак көчөтү эгилди.

Ушул эле ишембиликтин алкагында Төрт-Гүл суу сактагычынын айланасы тазаланып, 500 түп өрүк, 200 түп ак кайын, 1000 түп жаңгак көчөтү эгилди.

Буга чейин облус башчысы Абиш Халмурзаев тарабынан  Баткен областынын аймагында айлана-чөйрөнү көрктөндүрүү,  жашылдандыруу жана санитардык жактан тазалоонун үч айлыгы жарыяланган.

Айгүл-Тоосу 253 гектар аянтты ээлейт. Корукка алынган жердин 20 гектарына  буга чейин ар кандай декаративдүү жана мөмөлүү дарактар отургузулган.

Ыйгарым укуктуу өкүл тарабынан жаряланган үч айлык көрктөндүрүү иштери мындан ары да облустун ар бир район-шаар, айылдарда улантылмакчы.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.