Айдоочуларды нааразы кылган “Достук” көпүрөсүнүн түбү. Видео

Ош шаарындагы “Достук” көпүрөсүнүн түбү кезинде автоунаа токтоочу жай болгон. Бирок өткөн жылдын күз айларында мыйзамсыз делип шаардык мэрия тарабынан жабылган.

Анткен менен бул көпүрөнүн эки тарабында автоунаалар токтотулуп, соода-сатык уланууда. Мындан улам мыйзам баарына бирдей болуусун талап кылган айдоочулар биздин редакцияга кайрылышкан.

Алар шаардык бийликтен автоунаа токтоочу жайды (жаңы көпүрөнүн асты) калыбына келтирүү талабын коюшууда. Тагыраагы, мурдагыдай эле тартипте унаалардын кирүүсүнө уруксат берилүүсү керек.

Ал эми Ош шаардык мэриясы жарандар тарабынан айтылган нааразычылыктарды четке кагууда. Аталган жай мыйзамсыз уюшулгандыктан, прокуратуранын сунушунун негизинде жабылган.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.