Аида Касымалиева: Темирдей катуу талап болбосо, миллиондогон акчалар кумга сиңип кеткендей жок болмок

ЖКнын Төрагасынын орун басары Аида Касымалиева депутат Сагындык Келдибаев менен биргеликте Өзгөн районунун айылдарына берилүүчү таза суу долбоорунун курулуш иштеринен кабар алышты.

Алар алгач Ынтымак айылынын таза суу кампасына барышты. Курулуш иштерин жүргүзүп жаткан ишкананын эл өкүлдөрүнө берген маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө Ынтымак айылына таза суу күнүнө эки сааттан берилүүдө.

Ал эми жергиликтүүлөр суу толук кандуу чыкпай жатканын, курулуш компания тарабынан келтирилген одоно кемчиликтер көп экендигин билдиришти. Ушундай эле көрүнүш Кароол айыл аймагын таза суу менен камсыздоо иштеринин жүрүшүндө да белгилүү болду. Бул аймакка таза суу долбоору башталганына үч жыл болгондугуна карабастан, бүгүнкү күнгө чейин элге суу берилбей келет.

Вице-спикер Аида Касымалиева таанышуу учурунда элди ичкен суусуз калтырып, өз жоопкерчилигин сезбей жаткан ишканалар жоопко тартылаарын билдирди.

“Биз бул кезге чейин Ынтымак айылына да, Кароол айыл аймагына да таза суу берүү боюнча жумуштарды өзүбүз катуу көзөмөлдөп артынан түшүп гана бүткөрүп жатабыз. Эгерде катуу көзөмөл болбогондо эл суусуз калып, мамлекеттин миллиондогон акчасы кумга сиңип кетмек. Мындай жоопкерчиликсиз курулуш ишканаларын тиешелүү органдар текшерип, темирдей тартипке салышы керек”,-деди Аида Касымалиева.

Жыйынтыгында таза суу 10-июнга чейин элге толук кандуу берилерин курулушчулар эл өкүлдөрүнө убадалашты.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.