Аида Касымалиева Санкт-Петербургдагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен жолугушту

Вице-спикер Аида Касымалиева баштаган депутаттар Санкт-Петербургдагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, кыргыз мигранттары депутаттар менен жолугушканда өздөрү туш келип жаткан айрым бир көйгөйлүү маселелерди ортого салышты.

Россиянын граждандыгын алган мигранттар Кыргызстанга келгенде жер, турак-үй же башка нерселерди сатып алууга укуксуз болуп калып жаткандарын айтышты.

Мигранттардын оюн уккан депутаттар Россиянын граждандыгын алган мекендештерибизге өз мекенинде бардык укуктарга ээ болсун деген максатта бир катар мыйзам актларына өзгөртүү киргизүү сунушталып, атайын “Мекен карт” берүү аракети көрүлүп жатканын айтып беришти.

Санкт-Петербургадагы кыргыз мигранттары өздөрү демилге көтөрүп, Чыңгыз Айтматовдун эстелигин коюу аракетин көрүп жатышкан. Эстелик коюуга чоң суммадагы каражат жумшалгандыктан өкмөт да кол кабыш кылса деген ойлорун жеткирүүнү өтүнүч кылышты.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.