Аида Касымалиева парламент жыйынын түз эфир аркылуу элге жеткирүүнү сунуштады

Буга чейин Жогорку Кеӊештин жыйындары “Пирамида” телеканалынан түз алып көрсөтүлүп келген. Жыйында көтөрулгөн маселелерди түз эфир аркылуу көрүү телекөрөрмандарга жагып, такай көрүп калышкан. Бул тууралуу бүгүн, 13-апрелде ЖК депутаты Аида Касымалиева парламент жыйынында айтып, аны кайра жандантууну сунуштады.

Ал белгилегендей, калк үчүн кыргыз парламентинде көтөрүлүп жаткан маселелерди талкуулаган жүрүмдү түз көрүүнүн мааниси зор.

“Жакында Кыргызстанда аналогдук телеберүү токтоп, толугу менен санариптик көрсөтүүгө өтөбүз. Кыргыз парламентинин жыйындарынын жүрүшүн түз көрсөтүү сапаты азыртан эле ушунча начарлап жатса, анда кандай болорун болжош кыйын. Жогорку Кеӊештин Төрагасы Басма сөз кызматына телекөрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу чараларын көрүү боюнча тапшырма берсе жакшы болор эле. Анткени, калкыбыз үчүн анын мааниси чоӊ”, – дейт эл өкүлү.

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.