Аида Касымалиева: Дарыгерлерди турак-жай менен камсыздоо зарыл

ЖКнын төрагасынын орун басары Аида Касымалиева медицина кызматкерлеринин айлык акысын көтөрүү маселесин карап чыгууну өкмөткө тапшырды.
Аида Касымалиева оор күндөрдө өз өмүрүнөн да элдин саламаттыгын ойлогон оорукана кызматкерлердин арасында турак-жай ала албай жаткандары көп экендигин айтты. 

“Буга чейин үй-бүлөлүк дарыгерлердин маянасы көтөрүлгөн. Бирок медицина кызматкерлеринин эмгек акысынын базалык бөлүгү көтөрүлгөн эмес. Экинчиден, азыр ар кандай эл аралык уюмдардын колдоосу менен аймактарда социалдык турак-жайлар курулуп жатат. Ал фонддор менен кызматташуу аркылуу, ири шаарларда, райондордо атайын дарыгерлерге атап, социалдык үйлөрдү куруп берсе болот. Бул жерде мамлекеттен эч кандай акча каражатын сарптабай туруп, дарыгерлерди үй менен камсыз кылганга мүмкүнчүлүк бар. Ошондой эле, чоң шаарларда канчалаган курулуш компаниялары көп кабаттуу үйлөрдү салууда. Алар менен сүйлөшүү аркылуу деле медицина кызматкерлерине үй алып берсе болот. Биз медицина кызматкерлерине жакшы шарт түзүп берүүгө милдеттүүбүз. Анткени алар оор кырдаалдарда иштешти”, – деди Аида Касымалиева.

Мындан сырткары, мамлекеттик ипотека мугалимдерге, дарыгерлерге багытталганы менен алар ала албайт. Анткени алдын ала төлөнүүчү 30% төлөмү жок болууда. Аны топтогонго аракет кылганы менен да аз маянанын айынан чогулта алышпайт. Андыктан эмгек акысы аз дарыгер жана мугалимдерге ипотекалык турак-жай берүүнү өзүнчө карап чыгуу зарыл экендигин кошумчалады.

ЖКнын 11-июндагы жыйында депутат Дастан Бекешев да медицина кызматкерлеринин маселесин көтөүп, алардан наам, сыйлыктарды аябаш керектигин айткан.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.