Адам өмүрүн сактаган ата-бала сыйланды

Жалал-Абаддын Ноокен районунун тургуну Маражапов Сагынбек менен уулу Зулпукар “Сууга чөккөндөрдү куткаргандыгы үчүн” медалы менен сыйланды. Каармандар наамды өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедовдун колунан алышты.

ӨКМ билдиргендей, 19-майдын кечинде Ноокендеги айыл аралап аккан Кара-Булак сайында нөшөрлүү жаандан улам суу көтөрүлгөн. “Деу-Матиз” ушул сууга тыгылып, жыла албай калган. Унаада кочкораталык Энвер Махсудов менен уулу Рустем болгон. Рустем машинанын ичинде отуруп, досторун жардамга чакырып жатканда, катуу агым аны жарым чакырым төмөн агызып кетет. Бул учурда баланын атасы Энвер жээкте эле.

Окуя болгон жерге жакын жашаган Сагынбек менен уулу Зулпукар жардам сураган үндү угуп, суу агызып бараткан автоунаага чуркашат. Алар суугу тушүп, аркандын жардамында Рустемди куткарып калышкан. Ал ортодо суу жээгиндеги Энвер дайынсыз жоголот. Атанын жансыз денеси эртеси табылды.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.