Аба ырайы: жаан жаап, карга айланат

Бүгүн 1-ноябрда республика боюнча жер-жерлерде жаан жаап, карга айланышы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда  жаан-чачын катуу болот. Зымдарга жана бактарга суу кар жармашат. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот.

Абанын температурасы Чүй менен Талас өрөөндөрүндө 0…+5 градус, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +2…+7, Ысык-Көл облусунда жана Нарын аймагында +1…+6 градус жылуу болот.

Ал эми Бишкек жана Ош шаарларында жаан карга айланышы мүмкүн. Абанын температурасы Бишкек шаарында +3…+5, Ошто +7…+9 градусту түзөт.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.