Шашылыш билдирүү! Аба ырайы кескин өзгөрөт

14-15-мартта Кыргызстандын аймагында туруксуз аба ырайы күтүлөт. Көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы, мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, бул күндөрү абанын температурасы төмөндөп, тоолуу райондордо кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Мындай туруксуз аба ырайы унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.