
Кыргызстанда 11-апрелден 14-апрелге чейин туруксуз аба ырайы күтүлөт. Бул күндөрү айрым тоолуу аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетиши күтүлүп жатат.
14-15-апрелде Талас, Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында -2 градуска чейин үшүк жүрүшү күтүлүүдө. Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.
Күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында сел жүрүшү күтүлөт, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлөт.
- 11.04.2017