
Бүгүн, 30-декабрда көпчүлүк аймактарда кар жаап, жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы тоолуу райондордо секундасына 15-20 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору кабарлады.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда:
түнкүсүн -4…+1, күндүз 1…6;
Талас облусунда:
түнкүсүн 0…-5, күндүз 0…5;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында:
түнкүсүн -3…+2, күндүз 3…8;
Ысык-Көл облусунда:
түнкүсүн -1…-6, күндүз 1…6;
Нарын облусунда:
түнкүсүн -16…-21, күндүз -10…-15; болот.
- 30.12.2019