Аалымдар кеңеши жер көчкүдө калгандарга байланыштуу фатва чыгарды

30-апрелде Өзгөн районунун Аюу айылындагы кыргсыктан көз жумгандарды акыркы сапарга узатуу, көчкү алдында калгандарга жаназа окуу боюнча Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңешинин чукул жыйыны  өттү. Бул тууралуу муфтияттан кабарлашты. 

Дин аалымдары фыкх китептериндеги «Жер титирөөдө, жер көчкүдө же үйдүн дубалы кыйрап анын алдында калып, өлүктү (сөөктү) чыгарганга мүмкүнчүлүк болбой калса, анда айласыздан (мажбурдуктун айынан) анын гусулу менен кепини кечиримдүү болот…», «Кайсыл жерде өлүк калып калса, ошол жер анын кабыры деп саналат жана денеси жарылып кеткенге чейин жаназа намазын окуса болот…»,- деген сыяктуу далилдердин негизинде «Жер көчкү же имараттардын кыйроосунан улам жердин астында калып кетип, аларды чыгарып алууга мүмкүн болбой калган учурда ошол жерде алардын жаназа намазы окулса болот»- деген фатвасын чыгарышып, фатваны Аалымдар кеңешинин мүчөлөрү бир добуштан колдошту.

Бүгүн, 1-майда  Аалымдар кеңешинин атынан төраганын орун басары Кадырбердиев Абибилла ажы,  мүчөлөрү Досболов Мамасабыр ажы жана Байтеитов Тажидин ажы атайын жер көчкү болгон жерге барып, көңүл айтышып, жергиликтүү тургундарга Аалымдар кеңешинин фатвасын тааныштырмакчы.

Жыйынга Аалымдар кеңешинин 11 мүчөсү жана  Санкт-Петербург шаарында илимий иш сапары менен жүрүшкөн Аалымдар Кеңешинин төрагасы Абдишүкүр ажы Нарматов менен Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Чубак ажы Жалилов  онлайн түрүндө катышты. Ошондой эле  Азирети Муфтийдин орун басары Жоробай ажы Шергазиев менен КМДБнын фатва бөлүмүнүн адиси Кокоев Акжигит АКнын жыйынына катышты.

Эскерте кетсек, 29-апрелде таңкы саат 06:40та көлөмү 200 миң метр куб болгон жер көчкү жүрүп, он бир турак жайды 24 жашоочусу менен басып калган. Кечээги издөө иштеринде үч адамдын сөөгү табылган.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.