
Мамлекеттик каттоо кызматы турмуштук оор кырдаалда документ албай калган балдарды акысыз негизде документтештирүү боюнча иш алып барууда.
2020-жылдын 9 айынын жыйынтыгында, ЖААК органдарына балдардын камкордугун камсыз кылган мамлекеттик органдардын кайрылуусу менен 383 баланын туулгандыгы катталып, туулгандыгы тууралуу күбөлүк берилди.
Мындан тышкары, үстүбүздөгү жылдын өткөн мезгилинде ЖААК бөлүмдөрү тарабынан “балага сүйүнчү” бир жолку төлөө үчүн 108 464 электрондук кайрылуу катталды.
Аткарылган иштер өлкөнү өнүктүрүүнүн санариптик негиздерин илгерилетүү жана жарандар үчүн мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатууга жана КРнын Президентинин “2020-жылды Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы деп жарыялоо жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында жүргүзүлүүдө.
- 20.10.2020