8-ноябрь иш күн бойдон калды

Жогорку Кеңеш бүгүн президенттин 7-8-ноябрь күндөрүн  Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү катары жыл сайын белгилөө тууралуу сунушун колдоого алды. Бирок  8-ноябрь быйыл иш күн бойдон каларын парламентин басма сөз кызматы билдирди.

ЖКдан түшүндүрүшкөндөй, 8-ноябрды календардын “кызыл күнү” кылып жарыялоо үчүн Эмгек кодексине өзгөртүү киргизилиши зарыл. Мындай мыйзам долбоору Жогорку Кеңеш тарабынан  1-ноябрда биринчи окууда кабыл алынды. Документ дагы эки окуудан өтүшү керек.

Ошентип, мыйзам долбоору кабыл алынгандан кийин 8-ноябрь келерки жылдан эс алуу күнү катары жарыяланышы мүмкүн.

Буга чейин Кыргызстанда расмий түрдө 13 мамлекеттик майрам белгиленип келген.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.