8-класстын окуучусу кичи ГЭСтин өзгөчөлөнгөн макетин жасады

Күндөн энергия алуучу акжубаз, универсалдуу трактор жана башка уникалдуу айыл-чарба техникалары. Мындай макеттер Ош шаарында “Биз 21-кылымдын интеллектуалдарыбыз-2017” аталышындагы сынакта көргөзмөгө  коюлду. Алардын баары окуучулардын колунан жаралган.

Жаш ойлоп тапкычтар Ош облусунун бардык райондорунан келишкен. Ар биринин табылгасы уникалдуу жана жаңыча түрдө даярдалган.

Калыстарды таң калтырган  окуучу 8-класстагы Акылбек болду. Ал бир айда кичи ГЭСтин азыркылардан айырмаланган түрүнүн макетин даярдаган.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.