8-декабрга карата аба ырайы

«Кыргызгидромет» борбору кабарлагандай, түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Баткен, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда кар жаайт. Күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас облустарынын кээ бир тоолуу райондорунда кар жаайт. Талас облусунда жаан-чачын болбойт.  

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн -1…-6, күндүз 1…6;

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -9…-14, күндүз -4…+1;

Талас жергесинде түнкүсүн -9…-14, күндүз -4…+1;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз 0…5;

Нарын облусунда түнкүсүн -13…-18, күндүз 0…-5;

Бийик тоолордо түнкүсүн -18…-23, күндүз -6…-11 градус болот. 8-декабрда Бишкек шаарында түнкүсүн жана эртең менен бир аз кар жаайт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы -10…-12°, күндүзгү жогорку температурасы -1…-3° суук болот.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.