Кара-Суу районуна караштуу Папан айыл аймагынын Тогуз-Булак айылында күйдүргү жарасына күмөн болуп 2-август күнү бир оорулуу катталган. Аталган оору жергиликтүү тургундар тарабынан союлган мал тарабынан жугуп, азыркы учурда Ош облустар аралык ооруканасынын гепатология жугуштуу оорулар бөлүмүндө күйдүргү оорусунун клиникалык белгилери менен шектелип 7 адам, 1 адамдан лабороториялык жол менен тастыкталып дарыланып жатышат. Бул боюнча Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлүнүн аппаратынан билдирди.

Тогуз-Булак айылында күйдүргү оорусу боюнча комплекстүү алдын алуу иш чаралар 3-августтан бери жүргүзүлүп жатат. Айыл өкмөтү тарабынан берилген буйруктун негизинде оору чыккан айылга күйдүргү оорусуна байланыштуу карантин киргизилип, оперативдик план түзүлдү. Учурда 2 медициналык жана 2 ветеринардык бригадалар иш алып барышууда.

“Тогуз-Булак жана Кара-Сөгөт айылдарында эт жеген 288 кишиге ооруну алдын алуу үчүн атайын даары-дармектер берилүүдө. Бардык оору чыгуу ыктымалы бар чордондордо залалсыздандыруу иш чаралар жүргүзүлүүдө. Ал эми союлган малдын ээсине жана Беш-Мойнок ветсервисинин ветеринардык дарыгерине убагында эмдөө иштерин жүргүзбөгөндүгү үчүн айып салынды. Бардык жарандардагы малдын этин топтоп, терини, колдонгон буюмдарды, малдын кыктарын эпидемиологдордун көрсөтмөсү боюнча жер астына көмүү иштери жүргүзүлдү”,-деп маалымдалды.

Аппараттын маалымат кызматы кошумчалагандай, 2431 баш мал-жандыктар күйдүргү оорусуна каршы эмделди. Кара-Сөгөт жана Тогуз-Булак айылдарында күйдүргү оорусу боюнча 25 августка чейин карантинге байланыштуу үй жаныбарлар союлбайт жана той өткөрүлбөйт.

25-июль күнү Тогуз-Булак айылында 9 адам чогулуп бодо мал союшкан. Малды союп мүчөлөгөнгө жардам берген 36 жаштагы жарандан бир жумадан кийин, тагыраагы 2-августта колунда жаралар пайда болуп ооруканага кайрылган.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.