
Бишкек-Ташкент жолун – 3,5 миң чакырым аралыкты Мамыт Таштанов велосипедде багынтты. Өзбекстандын расмийлеринин кабыл алуусунда болгон аксакал автобус менен бүгүн мекенине кайтат.
Эмгек жана спорт ардагери 18-май күнү Бишкектин борбордук аянтынан сапарга аттанган. Ал Бишкек-Ош-Aнжиян-Кокон-Бухара-Самаркан-Жызак-Манас-Ташкент каттамын бир айга жетпеген убакта басып өттү. Мамыт ата бул жүрүшүн эки өлкө ортосундагы достук мамилеге, улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арнаган.
Таштановду бүгүн, 11-июнда Кыргызстандын Өзбекстандагы элчилигинде кабыл алышты. Жолугушууга Ташкент шаардык дене тарбия жана спорт башкармалыгынын башчысынын орун басары Ботир Содиков, Спортту өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Бехзод Шамшиев катышкан.
Аксакалды “Ынтымак” 28-майда “Достук” чек ара бекетинен узаткан эле.
Мамыт Таштанов Ош облусунун Чоң-Алай районунун тургуну. Ал жаш кезинен бери спорт менен алектенет. Буга чейин Ош-Бишкек жолун велосипедде багынткан.
Аксакал Меккеге велосипедде барары тууралуу бизге айтып берген эле.
Сүрөт: Иброхим Янгибоев
- 11.06.2018