“7 класстык гана билими бар” 31 жаштагы Керемет биринчи жолу документ алды

Кереметтин(аты өзгөртүлдү) 31 жашка чыкканга чейин өздүгүн тастыктаган документи болгон эмес. 1989-жылы төрөт үйүнөн берилген туулгандыгы тууралуу маалым катта апасынын аты туура эмес жазылып калган. Мындан улам ата-энеси кызына күбөлүк ала алышкан эмес.

Эне болоорун билген күндөн тарта Кереметтин көйгөйү дагы да көбөйдү. Анткени каттоого туруу үчүн айылдагы Фелдшердик- акушерлик пунктка(ФАП) кайрылып, андагы кызматкерлерден документсиз каттоого туруу мүмкүн эмес экендигин билди.

Кызынын ичиндеги түйүлдүк чоңойгон сайын тынчы кеткен эне жардам сурап ар эшикти кагып жүрдү. 2020-жылдын жай айларын А.Р минтип эскерет:

«Кызымын документсиз калышына, өлкөнүн толук кандуу жараны болбой жашап атканына өзүмдү күнөөлүү деп сезчүмүн. Мектепте 7- класска чейин окуп, бирок документинин жоктугунан окуусун таштоого аргасыз болгон. Неберем да апасына окшоп документсиз төрөлүп, документсиз өмүр сүрүшүн элестете албадым. Справкадагы Адалатхан деп жазылган атты Арапатхан деп оңдотуп, кызыма паспрот алуу үчүн акы төлөнгөн жактоочу жалдап, бирок эч кандай майнап чыккан жок. Кимге барып, кайдан жардам сураарымы билбей, акыры өзүбүздүн Савай айылындагы соцкызматкерлерге кайрылдым»

Андан ары А.Рнын иши Кара-Суу районундагы Савай айылынын социалдык кызматкерлери аркылуу Юстиция министрлигинин алдындагы Мамлекет кепилдеген акысыз юридикалык жардам координациялоо боюнча борборуна (МКЮЖ КБ) келип түшөт.

МКЮЖ борборунун аймактар аралык бөлүм башчысы Толкун Эргешов тарабынан А.Рга жактоочу ажыратылып, натыйжада ишти Алмаз Садыков колго алат.

Жактоочу Садыковдун айтымында, аталган иш 3 айга созулуп, маалым каттагы бир тамганын туура эмес жазылышы бир топ көйгөйлөрдү жаратты.

«А.Рнын колунда төрөт үйүнөн берилген 103 формадагы маалым каттан башка эч нерсе жок эле. Ошондуктан буга чейин да жактоочу жалдап, бирок жыйынтык ала алышкан эмес.

Алгач Кара-Суу райондук соту аталган маалым кат А.Рга таандык деп чечим чыгарып берди. Андан соң төрөт үйүнө барып, Кереметтин төрөлгөн күнүн, айын тактадык. Натыйжада, алгач туулгандыгы тууралуу күбөлүк, анан паспорт алдык да, кош бойлуу болгондуктан, ФАПка каттоого турду”,-деди Алмаз Садыков.

2012-жылы жолдошунан ажырап калган А.Р дагы деле кызынын документ алганына, болгондо да акысыз кызмат көрсөткөн жактоочуга ыраазачылыгын айтып бүтпөйт:

“Кызым документ алгандан кийин бул жашоодо жакшы адамдар бар экен да деп ыйладым. Адвокат бир сом да акча акча сураган жок. Абышкамдын көзү өткөндөн бери жакырчылыкта, араң күн көрөбүз. Акчабыз жок болсо, ким бизге жардам берет эле деп жакшылыктан үмүт үзүп койгон элем. Кызым паспорт алган күндүн эртеси эле 33 жаштагы күйөө балам жүрөгүнөн приступ кармап каза болуп калды. Бечерам эми ЗАГС алабыз деп аябай сүйүндү эле, ал тилегине жетпей, баласын да көрбөй  калды”,-деп кайгырган эне кызынын 10-декабрь күнү Кара-Суу райондук төрөт үйүндө көз жарып, атын Өмүрбек койгонун кошумчалады.

Аталган ишти аягына чыгарып, аярлуу үй-бүлөнүн алкышына арзыган Алмаз Садыков А.Рнын жашоо-шарты оор абалда экендигин, акысыз юридикалык жардам аларга зарыл учурда пайдасын тийгизгендигин айтты.

“Кайра-кайра рахмат айтып, аябай сүйүнүштү. Мындай учурлар көп эле болот. Акысыз жардам алганына кубангандарды көргөндө, жасаган ишиңдин жыйынтыгы жакшы болуп, жетекчиликтен алкыш сөздөрдү укканда аз маянага да ыраазы болуп, элге кызмат кылгың келет”,-дейт Садыков.

Акысыз юридикалык жардам Керемет сыяктуу юридикалык жардамга муктаж жарандардын жашоосун жеңилдетип, арыз-муңун угуп, көйгөйлөрүн чечүүнү көздөйт. Ага ылайык, бекер укуктук жардам берүүчү борборлор өлкөнүн аймактарына кеңири таралууда. Борборлор кайрылгандардын статусуна, жашына, улутуна, аял же эркек экендигине, жарандыгынын, документинин бар- жоктугуна карабай бекер кызмат көрсөтүшөт.

МКЮЖ тууралуу мыйзам 2016-жылдын декабрында кабыл алынган. Ал 6 бөлүмдөн, 30 беренеден турат.

Акысыз юридикалык жардамдын жол-жобосу:

  • Консультациялык-укуктук кеңештер:

Оозеки жана жазуу түрүндө берилүүчү кеңештер;

Арыз, өтүнүч, укуктук мүнөздөгү башка документтерди түзүп беришет;

Мындай жардамды бардык жарандар, чет элдиктер, жарандыгы жоктор жана качкындар ала алышат.

  • Квалификациялык юридикалык жардам:

Адвокаттар жардам көрсөтөт: Жарандык, административдик жана кылмыш иштери боюнча сиздин укуктарыңыз корголот.

Мындай жардамды төмөнкүлөр ала алышат:

Жылдык кирешеси минималдуу эмгек акынын 60 эсе өлчөмүнөн ашпагандар;

I жана II топтогу майыртуулугу бар жарандар;

Психикалык оорудан жабыркагандар;

Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери жана аларга теңелген адамдар;

Жашы жете электер;

Жашы жете элек балдарды жалгыз тарбиялап жаткан энелер;

Карылар үйүндө жашап жаткан жарандар;

МКЮЖ боюнча өлкөнүн бардык аймактарында Юстиция министрлигинин алдында ачылган координациялоо борборлору иштейт.

“МКЮЖ системасын өнүктүрүү үчүн, мыйзамды кенен жайылтуу үчүн улуттук тармак түзүлгөн. Ага ылайык, өлкөнүн бардык аймактарына, өзгөчө алыскы райондорго көңүл бөлүнүүдө. Анткени тоолуу райондордо жашаган, өз укуктарын билбей жаткан жарандар көп. Алар менен биз жолукканда жөнөкөй эле документти кайдан алаарын, мурасты кантип тастыктоо тууралуу суроолорду беришет. Ошондуктан, жарандар юридикалык сабаттуу болушсун, бекер жардам алышсын деген максатта улуттук тармак тынымсыз эмгектенет.

Учурда мыйзам чын эле иштеп жатабы же кагаз жүзүндө эле калып жатабы, адвокаттар акысыз кызмат кылып жатышабы же акча сурашабы, ушулардын баарына мониторинг жүргүзүп жатабыз”,-дейт “Укуктарды жана мыйзамдарды өнүктүрүү” коомдук фондунун директору, аталган  Марипа Сейдалиева.

Ош облусу жана Ош шаары боюнча МКЮЖ борбору Ош шаарындагы Ленин көчөсү-1 дарегинде жайгашып, анда 76 жактоочу калкка акысыз юридикалык кызмат көрсөтөт.

Аларга айлык акы мамлекет тарабынан төлөнөт. Мындан улам, жылына өлкөнүн бюджетинен МКЮЖ системасы үчүн жалпы республикага 76 миллион сомдун тегерегинде каражат бөлүнөт.

Жылына акысыз юридикалык жардам алууну кааалаган 3 миңдей жаран аталган борборго кайрылат. Алардын басымдуу бөлүгү үй-бүлөлүк (ажырашуу, мүлктү бөлүштүрүү, балдардын жашаган жерин аныктоо, аталыкты аныктоо)жана жер маселелери менен келишет.

Акысыз юридикалык жардамды төмөндөгү даректер аркылуу алууга болот:

Эгерде юридикалык жардамды пайдаланууну көздөп, бирок кайсы жакка карылуууну билбей жатсаңыз, анда МКЮЖнын сайтына кирип кенен маалымат алсаңыз болот.

Ошондой эле өлкө боюнча 112 номуру сизге жардамга келет.

Ал эми Ош шаары жана Ош облусу боюнча төмөнкү даректерге кайрылсаңыз болот:

Ленин көчөсү, 312 (Ош шаарынын жана Ош облусунун аймактык юстиция башкармалыгы);

Тел:

(03222) 5-63-56,

(03222) 2-80-28.

 

Иллюстрациялык сүрөт колдонулду.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.