6-апрелден тартып милиция күчөтүлгөн тартипте иштей баштайт

6-апрелден баштап Кыргызстандагы күч кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өтөт. Коомдук саясий кырдаалга жол бербөө үчүн атайын топ түзүлдү. Мындай режимде иштөө 7-апрелге чейин уланат.

“Эки күн өлкөнүн бардык аймагындагы күч кызматындагылар күчөтүлгөн тартипте иш алып барат. Бул апрель Элдик революциясынын 7 жылдыгына арналган иш чараларга байланыштуу уюштурулуп жатат. Бишкектеги бир катар көчөлөр жабылат”,-деп белгиледи ИИМнин маалымат кызматы.

Ошондой эле күч кызматындагылар коомдук жерлерге, көпчүлүк унаа токтотуучу жайларга баруудан жана бейтааныш адамдардан буюмдарды алуудан сак болууга чакырат. Мындан сыркары кооптуу буюмдарды таап алган учурлар кездешсе 102 телефон номерине кайрылса болоорун белгилешүүдө.

Сүрөт: КирТАГ

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.