
“Ынтымак” телеканалынын ЫРЫС ТАҢ программасынын эшиги дайым ачык. Күн сайын өнөрлүү, колунан көөрү төгүлгөн чебер, ырчы айтор таланттуу инсандардын катарын толуктаган коноктор, жалпы көрүүчүлөрдү таттуу уйкунун кучагынан сууруп чыгууга даяр.
Бул ирет биздин куттуу студиябыздын коногу кыргыздын сыймыктуу уулу, алп акын Аалы Туткучев болду. Эфирдин шаңына шаң кошуп, бардык көрүүчүлөрдүн көңүлүн көккө көтөрдү. Алдыда акындын орусча аралаш төккөнү.
Бул видеодон Аалы Туткучевдин дагы бир сырын көрө аласыз. Ал аны өзү ачыктады.
Баса, мында салтка айлангандай эле эфирдин коногу менен оюн ойнотулган. Муну көрүп чынында Аалы агабызды акындардын акыны экен деген ойдо каласыз. Көрүңүз.
Жакса досторуңуз менен бөлүшүңүз!
- 04.04.2017