Ошто дин кызматкерлери чечендик сырларын үйрөнүүдө

Бул тууралуу Ош облусунун мусулмандар казыятынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, диний кызматкерлерине 18-марттан 18-апрелге чейин “Чечендик өнөрдү өнүктүрүү” аталышындагы семинар өтөт.

Окутуу”Чечендик өнөр” мектебинин Оштогу бөлүмү тарабынан өткөрүлүп жатат.

Анда дин кызматкерлерине эл алдына чыгып сүйлөөдөгү коркунуч, сүрдөө жана толкундоону жоготуу боюнча  окутуу жүргүзүлөт. Так жана маданияттуу сүйлөө жолдору, кыймыл-аракеттерди туура пайдалануу, көпчүлүктүн алдында сүйлөөнү иштеп чыгуу жана үндү туура коюу ыкмасы жөнүндө түшүнүктөр берилет.

 “Дин кызматкерлери дайыма коомчулуктун алдында исламдын баалуулуктарын айтып, тарбияга үндөө багытында иш алып баргандыктан, ойду жогорку деңгээлде жеткирүү жана ырааттуу сүйлөө техникаларын өздөштүрүүгө милдеттүү”, – деди  облус казысы Самидин кары Атабаев.

Атабаев риторика курсуна облустагы мечит имамдарын да катыштыруу зарыл экендигин белгиледи.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.