Ош облусунда 6 күн бою ат оюндары болот

Ош облусунда ат оюндары боюнча мелдеш башталды. Иш чара Ыйман, адеп жана маданият жылына карата уюштурулуп, 21-мартка чейин уланат.

Анда көк бөрү, кунан чабыш, аламан байге, салбуурун оюндары боюнча мелдеш өтөт. Катышуучулар үчүн жатакана, аттар үчүн сарайлар тийиштүү деңгээлде даярдалды.

 “Максаты кыргыз элинин ат оюундарын Ош облусунун калкына уюштуруп берүүгө көмөк көрсөтүү, улуттук оюундарды  жогорку деңгээлде өткөрүү.  Ош облусунун элине, келген конокторго жакшы маанай тартуулоо”, – дешти өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматынан.

Мелдеш Ош облусунун ат майданында өтүп жатат. Нооруз майрамынын урматына карата улуттук салбуурун жана ат оюндары өткөрүү боюнча КР Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Таалайбек Сарыбашовдун буйругу чыккан.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.